ДОРОШЕНКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОРОШЕ́НКО Николай Ива­нович (7. 12. 1930-ж. т., Ка­зак ССРи, Костонай обл., Таранов р-ну, Варваровка кыш.) – геолог, геол.-минералогия илимд. кан­дидаты (1971), СССР (1976) ж-а Кыргыз ССР (1972) мамл. сыйл. лауреаты. Навои атн. Өзбек мамл. ун-тин бүтүргөн (1952). Геол. экспедиция­лардагы чалгындоо партияларында геолог, улук геолог, партиянын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1952–82); экспедициянын улук инженери (1959–66); Сары-Жаз, Тематикалык, Үч-Кошкон геол. экспедицияларында партиянын улук геологу, башкы геологу, экспедициянын улук геологу (1966–70); Түн. Кыргыз, Сары-Жаз геол. экспедицияларында партиянын башкы гео­логу, начальниги (1970–76), Геол.-экон. изил­дөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясын­да отряддын ж-а патиянын начальниги, экспе­дициянын башкы геологу (1976–83); Кыргыз ССР Геол. башкармасынын геол. чалгындоо иште­ри б-ча өндүрүштүк бирикмесинде начальник­тин орун басары, генералдык директордун орун басары (1983–90) болуп эмгектенген. Кырг-ндын кен байлыктарын табууда ж-а чалгындоодо олуттуу эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ор­дени (1976), бир нече медаль м-н сыйланган. Кыр­гыз ССРинин геол. кызматына эмг. сиң. кыз­маткер (1981).