ДОСКУЛУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСКУЛУ , Ж у м г а л – Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу. Окторкой то­осунун этегинде, деңиз деңг. 2000 м бийиктик­те, Бишкек – Чаек автомобиль жолунун боюн­да жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш­нан 55 км чыгыш тарапта, Балыкчы т. ж. беке­тинен 140 км. Калкы 1559 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.