ДОСМАМБЕТОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСМАМБЕТОВА Канымгүл (1935, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Түргөн айылы – 1978, На­рын) – ырчы, обончу, актёр. Д-нын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле

башталган. 1951-ж. Кара­колдогу обл. драма теат­рында, 1953-жылдан Кыр­гыз мамл. филармония­сында, 1953–78-ж. Кыргыз драма театрында, 1958–78- ж. Нарындагы М. Рыскулов атн. муз. драма театрында иштеген. Д-нын негизги чыг-лыгы ырчылык ж-а обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырлары обондуулу­гу, назиктиги, лирикалуулугу м-н айырмала­нат. «Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жаштыктын көркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» ж. б. кайталангыс, мукам обондорду жараткан. Көп ырларын ко­муздун коштоосунда өзү аткарган. Обондору­нун көпчүлүгү атайын жыйнактарга чыккан.