ДОСМАМБЕТОВА
ДОСМАМБЕТОВА Канымгүл (1935, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Түргөн айылы – 1978, Нарын) – ырчы, обончу, актёр. Д-нын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле

башталган. 1951-ж. Караколдогу обл. драма театрында, 1953-жылдан Кыргыз мамл. филармониясында, 1953–78-ж. Кыргыз драма театрында, 1958–78- ж. Нарындагы М. Рыскулов атн. муз. драма театрында иштеген. Д-нын негизги чыг-лыгы ырчылык ж-а обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырлары обондуулугу, назиктиги, лирикалуулугу м-н айырмаланат. «Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жаштыктын көркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» ж. б. кайталангыс, мукам обондорду жараткан. Көп ырларын комуздун коштоосунда өзү аткарган. Обондорунун көпчүлүгү атайын жыйнактарга чыккан.