ДОСТУК (Лейлек районундагы кыштак)
ДОСТУК 2 – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу. Ленинабад т. ж. бекетинен (Тажикстан) 18 км. Райондун борбору Исфана ш-нан 94 км түн.-чыгыш тарапта. Деңиз деңг. 1300 м бийиктикте жайгашкан. 1983-ж. отурукташкан. Калкы 3108 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Эки мончо, үйбүлөлүк врачтар тобу, оорукананын бөлүмү иштейт.