ДОСТУК (Нарын районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК – Нарын обл-нун Нарын р-нундагы шаарча. Достук айыл өкмөтүнө караштуу. 1968-ж. Ат-Башы ГЭСинин курулушуна байла­ныштуу негизделип, анда иштеген көп улуттун өкүлдөрүнүн достугунун символу катары атал­ган. Орто Нарын өрөөнүнүн түш.-чыгыш бөлүгүн­дө, Байбиче-Тоонун түн. этегинде, Ат-Башы суусу м-н Нарын д-нын кошулган жеринде, деңиз деңг. 1910 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы т. ж. бекетинен 212 км. Облустун борбору Нарын ш-нан 32 км батышта. Калкы 777 (2007); неги­зинен Ат-Башы ГЭСинде эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана ж. б. бар. Тегирмен, турмуш-тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо иш­тейт.