ДОСТУК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Нарын р-нунда, Ат-Башы ГЭСинин жанында. Ат-Башы суусу­нун Нарынга куйган жеринде, анын сол өйүзүн­дөгү кашат тектирин түзүп жатат. 1985-ж. та­былган. Кен аймагын антропогендин аллювий­пролювий чөгүндүлөрү түзөт. Кум-шагыл кат­мары аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Ша­гыл жакшы жумуруланган гранит, диорит, аки­таш, кумдук тектеринен турат. Уз. 1 км, ка­лыңдыгы 10–15 м. Гранулометриялык курамын­да 80 ммден ириси – 22,6–32,3%; 80–5 мм – 58%; 5 ммден майдасы – 19,13–23,86%, чаң – 0,27–1,37%. С. салм. 2,5–2,6. Суукка чыдам­дуу. Шагылдын запасы 0,5 млн м3. Бетон куюу­га, жолду асфальттоого колдонулат. Кумду чаң-

дан арылтып жу­угандан кийин бе­тон даярдоого пай­даланса болот. За­пасы 0,5 млн м3.