ДОХА
ДО́ХА – Катар мамлекетинин борбор шаары.
Түш.-Батыш Азияда, Катар ж. а-нда. Перс булуңундагы порт. Калкы 293,0 миң (2003). Эл аралык аэропорту бар. Б. з. 7-к-нда Араб хали-

фатынын курамында, 13–14-к-да Бахрейн эмирлери башкарып келген, 16-к-да Португалиянын, 1872-жылдан Оттоман империясынын курамына кирген. 1971-ж. чейин Улуу Британия протектораты. Металл иштетүү, цемент, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Ун-т, пед. ин-т, музейлер (улуттук, этногр.) бар. Арх-ра эстеликтери сакталган. 2007-ж. Д-да ХХ Азия чемпионаты өткөрүлгөн.