ДОЦЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЦЕ́НТ (лат. docēns – окутуучу, үйрөтүүчү) – ЖОЖдордун окутуучуларынын ил. наамы же ээлеген кызматы. Россияда Д. наамы 1863-ж. киргизилген (магистрлик даражасы бар муга­лимдерди Д. дешкен). КРде Д. наамы жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин су­нушу б-ча конкурстан өткөн илимдин доктор­лоруна, кандидаттарына Кыргыз Респ-нын Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан берилет. Кээде атайын пед. стажы, ил. эмгекте­ри, ойлоп табуулары бар, бирок ил. даражасы жок жогорку квалификациялуу эл чарба адис­терине да Д. наамы ыйгарылат.