ДӨБӨ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨБӨ-КОРГОН – 9–12-к-га таандык шаар кал­дыгы. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбө-Коргон айылынын батыш тарабындагы Мазар-Дөбө шаарчасынын түш. жагында жай­гашкан. Д.-К-дун түш. бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Археол. казуу учурунда о. кылымдарга таандык карапа идиштер табылган. Бул эсте­ликти 1957-ж. археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.