ДӨБӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨБӨЛҮ – Нарын р-нундагы кыштак. Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын д-нын жээ­гинде, деңиз деңг. 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 19 км чыгыш тарапта, Балыкчы т. ж. бекетинен 205 км. Кыш­так 1929-ж. отурукташкан. Калкы 1280 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, мад-т үйү, китепкана бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.