ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ
ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ Ички
Теңир-Тоодогу Дөдөмөл ж-а Ак-Шыйрак тоолорун Нарын д. кесип өткөн жерде. Тогуз-Торо ж-а Ак-Талаа р-ндорунун аймагында. Уз. Алабуганын чатынан (Нарындын сол куймасы) Кара- Кайыңдын чатына (оң куймасы) чейин 50 км. Деңиз деңг. бийикт. 1800–2200 м, капчыгайды
чектеген тоолордун абс. бийикт. 3600–4000 м.
Ак-Шыйрак кырка тоосунун түн. капталынан Кызыл-Жар тоосун көздөй созулган тектон. жарака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жараканын түн. бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Ала-Букадан төмөн 20 км аралыкта туурасы 1 кмден 20–25 мге чейин кууш тартат. Төртүнчүлүк мезгилдеги тектирлердин калдыктары суунун нугунан 300–400 м көтөрүңкү жатат. Кайыңды суусу кошулгандан кийин капчыгайдын туурасы кескин кууштайт (5–10 м).
Дарыянын нугу салыштырмалуу 1600 мден 1300 мге төмөндөп, суунун кескин жемиришинен 1 км аралыкта 7 мге тик капталдуу, кууш жалама капчыгай түзүлүүдө. Дөдөмөл тоосу суунун нугунан 1400 м өйдө жатат. Негизинен акиташ теги, доломит, кум, шагыл, сланец тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын кооз рельефи корукка айландырылган.