ДӨҢБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢБАЕВ Жеңиш (12. 07. 1945-ж. т., Талас р-ну, Кең-Арал айылы) – спортчу, СССР спорту­нун эркин күрөш б-ча чебери (1967), эмг. сиң. машыктыргыч (Кыргыз ССРнин, 1985; СССРдин, 1991), Кыргыз Респ-нын мад-тка эмг. сиң. кыз­маткери (2002). Респ-нын бир нече жолку, «Бу­ревестник» спорт коомунун борб. кеңеши м-н СССР профсоюздарынын 9-спартакиадасы­нын (1969) чемпиону. ФПИни бүтүргөн (1969). 1969–72-жылдары эркин күрөш б-ча СССР ку­рама командасынын мүчөсү болгон. 1970–91- жылдары Респ-нын спорт мектептеринде кү­рөш б-ча машыктыргыч болуп эмгектенген. 1991–96-ж. Респ-нын эркин күрөш б-ча улут­тук курама командасынын улук машыктыргы­чы, 1996–99-ж. аны жетектеген. 1999-жылдан адистештирилген «Олимпия резерви» мектеби­нин директору (күрөш ж-а бокс б-ча). Ал ондо­гон чебер балбандарды (К. Өмүралиев, Ч. Изабе­ков, Н. Изабеков, И. Тазабеков, М. Бобурбеков, А. Төрөгелдиев ж. б.) даярдап чыгарган.