ДӨӨЛӨС
ДӨӨЛӨС – кыргыз уруусунун аталышы. Кыргыздарын ичкилик уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Д. уруусу кыргыздын оң, сол ж-а ичкилик уруулук бирикмелерине кирбей, өз алдынча уруулардын бири катары да берилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болушу ж-дө атайын генеал. уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Д-түн байыркы уруу-
лук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фактылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу о. кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгендигин 16-к-да жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасындагы кыргыз урууларынын санжырасында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Д. уруулук теги о. кылымдагы түрктөрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы м-н байланышат ж-а алардын алтайлык уруулардын тобу м-н жакындыгы бар. Д. уруусунун курамына кирген уруктар «ай тамга» ж-а «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамганы» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тургандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Д. башка уруу топтору м-н аралашып турушкан. Мис., керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяктуу уруктар о. кылымдарда Борб. Азиядагы саясий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты м-н аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Д-дүн басымдуу көпчүлүгү Түш. Кырг-ндагы Араван, Кадамжай, Ноокат р-ндоруна караштуу аймактарда турушат. Ал эми бул уруунун майда топтору Нарын, Ысык-Көл, Чүй обл-нда ж-а Кытай м-н Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат. Р. Жолдошов.