ДӨӨЛӨТАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨТАЛИЕВ Cейит (9. 2. 1940‚ Чүй обл.‚ Кант р-ну‚ Ысык-Ата айылы – 16. 9. 2008, Биш­кек) – экономика илимд. доктору (1993)‚ эконо­мика ж-а эл чарбасын башкаруу б-ча адис. ФПИни бүткөн (1962). Кыргыз CCР ИА Эконо­мика ин-тунда ил. кызматкер‚ бөлүм башчы‚ өндүрүштүк күчтөрдү ж-а жаратылыш ресурста­рын изилдөө б-ча комиссиянын төрагасынын орун басары‚ КТУнун Токмоктогу экон. ф-тин­де кафедра башчысы‚ декан (2002-жылдан). 170тен ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 5 монографиясы‚ 3 окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.: Развитие и вопросы экономики горнодобы­вающей промышленности Киргизии. Ф.‚ 1979; Фор­мирование и развитие промышленных комплексов Киргизии (авторлош). Ф.‚ 1985; Кыргызстандын кен байлыктары жана аны пайдалануу. Б.‚ 1996.