ДӨРӨ-СУУ МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРӨ-СУУ МРА́МОР ОНИКСИ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ысык-Көл р-нунда, Чырпыкты кыш­нан 15 км түн.-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2000 м бийиктикте жайгашкан. 1966-ж. табылган. Кен аймагын палеогендин конгломе­раты м-н ордовиктин аягында пайда болгон гра­нит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат м-н гра­ниттин кошулган жериндеги тектон. жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аян­ты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс сар­гыч арагонит м-н кезектешип жайгашуусу б-ча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10Ч10Ч15 см. Запасы 70 м3. Белек­тик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.