ДРАВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРА́ВА – Европадагы дарыя, Дунайдын оң куй­масы. Уз. 749 км, алабынын аянты 40,4 миң км2. Негизинен Орто Дунай түздүгү (Словения, Хорватия) аркылуу агат, жогорку агымы Альп тоолорунан (Италия м-н Австрияда) башталат. Орт. чыгымы 610 м3/сек. 105 км аралыкка кеме жүрөт, жогорку агымына ГЭС каскады курул­ган. Боюнда Филлах (Австрия), Марибор (Сло­вения) ж. б. шаарлар жайгашкан.