ДРАМА
ДРА́МА (гр . drfma – аракет) – 1) ад-ттын үч түрүнүн (эпос ж-а лирика м-н катар) бири Д. бир эле убакта театрга да, адабиятка да орток жанр. Д-нын өзгөчөлүгү – сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын диалогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Анын түпкү негизин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жалпы адамзат карама-каршылыктарына дуушар болгон кишилердин ой-пикири, кагылышы, сөз таймашы түзөт. Драматизм иск-вонун бардык түрүндө жолукса да, Д-да мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Д. өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия м-н комедия – Д-да жашап келген түбөлүктүү жанрлар. О. кылымда мистерия, моралите, көчө Д-лары, о. эле мелодрама, фарс, водевиль кеңири тараган, азыр Д-да трагикомедия маанилүү орунда. Европа Д-сынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим Д-сынын өкүлдөрү – Плавт, Теренций. Чыгышта Д. кийинчерээк өнүккөн. Индияда Д. жанрынын гүлдөгөн доору б. з. 1-миң жылдыгына (Калидаса, 4–5-к., Шудрака, 5-к. ж. б.) туура келсе, Кытайда 13–14-к-да атуулдук драма адабий жанры калыптанган. Европа Д-сынын «алтын доорун» Англиядагы ж-а Испаниядагы Кайра жаралуу доору м-н барокко мезгилиндеги Д. түзөт. Шекспирдин Д-ларында трагедиялуулук ж-а комедиялуулук, реалдуулук ж-а фантастика чыныгы элдик Д-лык формада сүрөттөлгөн. 19-к-дагы орус драматургиясы дүйнөлүк Д-нын тарыхына зор салым кошкон. А. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов – чыныгы реалисттик Д-ны жараткан. М. Горький, В. Вишневский, Н. Погодин, К. Тренёв, В. Маяковский, Л. Леонов, А. Корнейчук, А. Арбузов сыяктуу драматургдардын чыгармалары драматургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз ад-тында Д-лык чыгармалар 1920-жылдардын аягында пайда боло баштаган. 1926-ж. Ысык-Көл обл. а. ч. техникумунда Д. ийрими уюшулган. Кийин борбордогу педтехникумдун алдындагы Д-лык ийримдерде, театр студияларында орус драматургдарынын пьесалары (мис., Н. В. Гоголдун «Текшерүүчүсү» ж. б.) коюла баштаган. Кыргыз ад-тында алгачкы Д-лык чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев, К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматургиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныстанов турган авторлордун «Академия кечелери» деп аталган Д-лык циклин кыргыз Д. жанрынын калыптанышынын, өркүндөшүнүн айрыкча бир этабы катары эсептөөгө болот. Д. жанрынын өнүгүшүнө Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Абдумомунов зор салымдарын кошту. Б. Жакиев, Ж. Садыков, М. Тойбаев, Б. Өмүралиев, М. Гапаров, С. Раев ж. б. драматургдар жаңы бийиктикке көтөрүштү. Ч. Айтматовдун кыргыз драматургиясында ээлеген орду өзгөчө. Жазуучунун чыгармалары б-ча спектаклдер кыргыз театрларында эле эмес, чет өлкөлөрдө да байма-бай коюлууда; 2) драматургиянын трагедия ж-а комедия м-н катар негизги жанрларынын бири. Д. комедия сыяктуу адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты – адамдардын мүнөзүн ж-а кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом м-н болгон оош-кыйыш мамилесин ачуу. Д. трагедия сыяктуу эле каармандардын рухий калыптануу баскычын же адепахлактык өзгөрүүлөрүн сүрөттөйт, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каармандарга таандык бөтөнчөлүк жок. Д. курч карама-каршылыктарды ж-а алардын кагылышын түзүүгө умтулат. Д-нын белгилери антикалык (мис., Европада) ж-а айрыкча Кайра жаралуу доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары Д. 18-к-да гана калыптанган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган түрү – реалисттик психол. Д. Т. Абдумомунов («Абийир кечирбейт»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Ж. Садыков («Айкөл Манас»), М. Байжиев («Төрт адам»), Ш. Сады-
бакаcoв («Ак боз ат») ж. б. кыргыз драматургдары психологиялык драмага кайрылышты.
А. Садыков, С. Төлөгөнова.