ДРЕЗДЕН СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕ́ЗДЕН СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ – Германиянын Дрезден ш-ндагы дүйнөдөгү атактуу сүрөтчүлөр­дүн тандалган чыгармалары жыйналган көргөз­мө (имарат). 1560-ж. негизделген. 1722-ж. ке­ңейтилип, 1847–56-ж. атайын имараттар (арх. Г. Земпер ж. б.) кошумча салынган. Галереяда 15–18-к-дагы итал. (Рафаэль, Жоржоне, Тициан

Дрезден. Атактуу сүрөт галереясы жайгашкан Цвин­гер сарайы.

ж. б.), 17-к-дагы Голланд ж-а фламанд (Ремб­рандт, Я. Вермер, П. П. Рубенс ж. б.), испан (Д. Веласкес, Х. Рибера ж. б.), 17–18-к-дагы француз (Н. Пуссен, А. Ватто ж. б.), 16-к-дагы немис (А. Дюрер, Г. Гольбейн ж. б.) сүрөтчүлөр­дүн чыгармалары коюлган ж-а 19–20-к-дагы европ. көркөм сүрөт мектептеринин (айрыкча немис мектеби) ж. б. өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрү­нүн чыгармалары кеңири орун ээлейт. 1945-ж. Д. с. г. талкаланып, 197 сүрөтү жок болгон, со­гуштун акыркы жумаларында немис фашист­тери галереядагы чыгармаларды ылайыксыз жерге каткандыктан, көп сүрөттөр жараксыз абалга келген. Сов. Армиянын жоокерлери тап­кан соң, ал сүрөттөр СССРге алынып келинип, калыбына келтирилген, имараттарда кайрадан көргөзмөгө коюлган. 1955-ж. ГДРге кайтары­лып, 1956-ж. Дрезденде сүрөт галереясы кайра­дан ачылган.