ДРЕЙК КЫСЫГЫ
ДРЕЙК КЫСЫГЫ Оттуу Жер архипелагы м-н Түш. Шетленд а-нын аралыгында. Атлантика ж-а Тынч океандарын туташтырат. Уз. 460 км- дей; Жер шарындагы эң жазы (1120 кмге чейин) кысык. Тереңд. 5249 мге чейин (эң тайыз жери 276 м). Катуу бороон көп болот. Түш. бөлүгүндө кышкысын муз тоңот. Жайында айсбергдер кездешет. 1578-ж. кысык аркылуу өткөн англ. деңиз саякатчысы Ф. Дрейктин ысмынан аталган.