ДРЕНАЖ
ДРЕНА́Ж (англ. drain – кургатуу) а й ы л ч а рб а с ы н д а – жер кыртышын өсүмдүктүн өсүшүнө тоскоол болуучу ашыкча суудан арылтуучу мелиорация ыкмасы. Саздак ж-а ашыкча нымдуу жерлерди кургатуу үчүн жер астына орнотулуучу (түтүк, кудук ж. б.) гидротех. курулмалар системасы колдонулат. А. ч-нда саздак жерди кургатуучу, жердин шордуулугуна каршы күрөшүүчү ж-а чополуу топуракта газ (аба) алмашууну күчөтүүчү (аэрация) Д-га бөлүнөт. Б. з. ч. 2000-жылдарда Месопотамияда карапа Д-ы пайда болгон. Кийин Д. Байыркы Римде, Европада (Франция, Улуу Британия) колдонулган. Көбүнчө саздуу аймактарда ж-а шор жерлерде жасалма Д. жүргүзүлөт. Д-доодо кыртыштагы ашыкча суунун деңгээли төмөндөйт, зыяндуу туздарды эритип жууп кетирет, өсүмдүктүн тамырына шор келишин тосот. Кургатуучу Д-да түз ж-а тик ыкма колдонулат. Топуракты кургатуу үчүн негизинен карапа түтүктөр пайдаланылат. Чым көңдүү жерлерди кургатууда мурда жыгач түтүк, кийин тешиктүү пластмасса, полиэтилен, винипласт ж. б. түтүктөрү кеңири колдонулууда. Шорсуздандыруу Д-ы айрыкча О. Азия, Закавказье, Түш. Украина, Түн. Кавказда колдонулат. Бул аймактардын шордуу болушу кыртыш сууларында минералдуу заттар көп болуп, алар бууланганда тез эрүүчү туздардын (NaCl, NaSO4 , MgCl2 , CaCl2
ж. б.) топуракта топтолушуна байланыштуу болгондуктан, сугат жерлердин шор болушуна каршы күрөшүү үчүн түз ж-а тик Д. колдонулат. Алар жабык Д. деп аталат. Д-ды ачык канал м-н да ишке ашырууга болот. Мында кургатылуучу аянтка бири бирине жарыш терең канал казылат да, анын капталдарынан сарыккан суулар чуңкурга чогулат.
Ад.: Оросительные мелиорации. М., 1973; Горизонтальный дренаж орошаемых земель / Под ред. В. А. Духовного. М., 1979; Сельскохозяйственная мелиорация /Под ред. Б. С. Маслова. М., 1984.