ДРОМОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРО́МОС – 1–5-к-да Евразия чөлкөмүндө жаша­ган көчмөн уруулардын көрлөрүндөгү катаком­ба ж-а подбой казанактарына алып баруучу айдөш казылган жабык коридор. Д-тордун уз. 4–6 мге чейин жетип, жер алдындагы эңкейиш жасалган узун коридорлор аркылуу сөөктү ка­занакка (катакомбага) алпарып коюу үчүн ылайыкташтырылган. Байыркы Д-тор Грекия­нын Эгей ж-а Этрус мад-тынын табыт коюлуу­чу жайларынан кездешкен. КМШда Кара деңиз­дин түн. жээктеринде, Ташкент ж-а Бухара оази­стеринде ж-а Казакстандын түн. райондорунда көп кездешет. Кырг-нда Д-туу көрүстөндөр Чат­кал, Талас, Кетмен-Төбө, Баткен ж-а Алай өрөөндөрүндө кеңири тараган. Д. хунн уруула­рына таандык деп эсептелинет. А. К. Абетеков.