ДРУЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРУ́ЗА (нем. Druse – щётка) – 1) табигый ми­нерал агрегатынын кристаллдык формасы. Мын­да тоо тектердин көңдөйлөрү м-н жаракалары­нын беттерине минерал кристаллдары бир гана жагы м-н жабышып, ачык жагын карай өсө баш-

тайт. Натыйжада кырлары жакшы чыккан чокморок­тошкон кристалл­дар пайда болот (к. сүрөттү). Жара­тылышта кварц, аметист, кальцит, антимонит сыяк­туу минералдардын Д-лары көп учурайт. 2) Көп­чүлүк өсүмдүктөрдүн (мис., жөкө дарактын сөң­гөгүнүн, козу кулактын) клеткаларындагы каль­ций оксалатынын бирге бутактанып өскөн ци­топлазмадан турган кристаллдары.