ДУАЛДЫК БАШКАРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУАЛДЫК БАШКАРУУ (лат. dualis – эки та­раптуу) – автоматтык башкаруу формасы. Мын­да башкаруу эки тараптуу болуп, башкарылуу­чу объектини изилдөө ж-а аны керектүү (оп­тималдуу) абалга келтирүү үчүн кызмат кылат. Д. б. объектинин кыймыл ылдамдыгы белги­сиз, о. эле башкаруунун оптималдуу алдын ала эсептөөгө баштапкы маалымат жетишсиз бол­гон учурда колдонулат. Д. б. тармагында баш­каруу объектисинин капысынан өзгөрүүчү мү­нөздөмөсүн активдүү изилдөө каралган. Бул учурда объектинин кире беришине үйрөнүлүүчү аракеттер берилет, ал эми объектинин реакция­сы башкаруучу түзүлүш аркылуу анализделет. Ошондуктан башкаруучу аракеттер объектини башкаруу гана эмес, бир эле убакта изилдөө үчүн колдонулат. Д. б. теориясы сов. окумуш­туу А. А. Фельдбаум тарабынан 1950-жылдар­дын аяк ченинде иштелип чыккан. Ө. ж-дагы экстремалдуу жөндөгүчтөр, автоматтык опти­малдагычтар Д. б. системасына кирет.