ДУАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУАЛИ́ЗМ (лат. dualis – эки ача чечим, оома) – 1) кош башаттуулук, эки жактуулук; 2) монизм­дин карама-каршысы, дүйнөдө бири бирине көз карандысыз, тең укуктуу эки башталманы – рух м-н материяны бирдей даражада таанууга не­гизделген филос. окуу. Терминди немис филосо­фу Х. Вольф киргизген. Д-дин көрүнүктүү өкүл­дөрүнүн бири – Р. Декарт. Д. окуусу И. Кант­тын философиясына да мүнөздүү. Дуалисттик окуу психика-физ. параллелизм теориясынын филос. негизин түзөт.