ДУБЛЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБЛЁР (фр. doubleur – эки эселөө) – роль ат­каруучу м-н кезектешип ойногон экинчи актёр. Т е а т р д а негизги аткаруучу ооруп калган учурда, бир канча спектакль коюлганда же бир образды ар кыл чечүү үчүн чыг-лык таймаш жүр­гүзүлгөндө роль аткаруучу; к и н о д о татаал оюндарда (трюктарда – машина айдаганда, ат мингенде, муз. аспапта ойногондо ж. б.) негиз­ги актёрду алмаштыруучу адам.