ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК – тубаса же бала чакта пайда болгон дүлөйлүктөн келип чыккан сүй­лөөгө жөндөмсүздүк. Угуу органдарынын өөр­чүшүндөгү бардык кемтиктер ж-а угуу жөндө­мүнүн өтө ж-а туруктуу өзгөрүүлөрүнө чалдык­тыруучу оорулар дудуктукка алып келет. Мээ­деги угуу-сүйлөө борборунун жабыркашы да ага себеп болот. Анын тубаса ж-а кийин пайда бол­гон түрү бар. Тубаса түрү кийин пайда болгонго караганда аз кездешет. Тубаса түрүнүн өнүгүшүнө ген. факторлор себеп болот. Дудук-дүлөй ата­энеден тубаса дудук-дүлөй бала, жакын тууган­дар үйлөнгөндө, тубаса дүлөй бала көп төрөлөрү байкалган. Тубаса дүлөйлүккө кош бойлуунун жугуштуу оору м-н оорушу, эне м-н баланын резус-факторунун айкалышпай калышы, о. эле түйүлдүк өөрчүп жатканда эне организмине кээ бир уу заттардын (алкоголь, стрептомицин ж. б.) таасиринен да болушу мүмкүн. Кийин пайда болгон Д.-д-кө балдардын жугуштуу оору­лары (менингит, мээ кабыкчаларынын сез­генүүсү, пневмония, кызылча, дизентерия, скар­латина, көк жөтөл ж. б.) себеп болушу мүмкүн. Кээ бир учурда аденоиддер да угууну начар­латат. Бул учурда хирург. жол м-н дарыласа болот. Эгерде дүлөйлүк айыкпай турган болсо, баланын сүйлөөсүн өөрчүтүүгө аракет жасоо ке­рек. Баланы 7 жашынан атайын дудук-дүлөй­лөр мектебинде окутуу зарыл. Окуу м-н бирге адистикке да үйрөнөт, мектепти бүткөндөн ки­йин ЖОЖдо да окууга болот, о. эле к. Дү­лөйлүк.