ДУЗЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУ́ЗЕ Элеонора (3. 10. 1858,

Италия, Вижевано – 21. 4. 1924, АКШ, Питсбург) – итал. актриса. Атасы Алес­сандро Ду зе Итал иянын шаарларын кыдырып жүр­гөн чакан труппанын актё- ру болгон. Д. сахнада 4 жа­шынан ойной баштап, ал­гач Гюгонун «Четке кагыл­гандар» спектаклинен Ка­зеттанын ролун аткарган. 15 жашында Жульет­танын ролун зор ийгилик м-н ойногон. Неа­полдогу Фьорентини театрынын сахнасында Те­реза Ракендин (Золянын повести б-ча, 1879) ролу Д-ге олуттуу атак алып келген. 1887-ж. өз труп­пасын уюштурган. Д. Италияда көрүнүктүү ак­триса катары таанылган ж-а Батыш Европа, Түш. Америка өлкөлөрүндө, Египетте гастрол­дору зор ийгилик м-н өткөн. 1891–92-ж. ж-а 1908-ж. Россияда Д-нин өнөрүн орус мад-тынын көрүнүктүү ишмерлери А. П. Чехов, И. Е. Ре­пин, К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Дан­ченко ж. б. жогору баалашкан. Мыкты ролдо­ру: Маргарита Готье (Дюма-уулу, «Камелия кар­маган аял»), Сантуцца (Верга, «Айылдык ур­мат-сый»), Эмма (Жакоза, «Көңүлсүз сүйүшкөн­дөр»), графиня Евгения, Юлия (Праг, «Сүйгөн аял», «Үлгүлүү зайып») ж. б. Өмүрүнүн акырын­да орус ад-ты ж-а иск-восу тууралуу жазган.

Ад.: Кугель А. Р. Театральные портреты. П.; М., 1923; Станиславский К. С. Моя жизнь в искусстве. Л., 1928. К. Зарлыкова.