ДУЛАТОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУЛАТОВА Гүлшара (15. 4. 1930, Чүй обл., Ток­мок – 1. 3. 2009, Бишкек) – Кыргыз ССР эл арт. (1977). 1946–48-ж. Токтогул Сатылганов атн. Кыргыз мамл. филармониясынын хорунда ыр-

чы. А. Островский атн. Таш­кент мамл. театр өнөр ин­ту нун акт ёрду к бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) Кыргыз мамл. акад. драма театры­нын артисти. Д. – ар түрдүү драмалык, трагедиялык ж-а сатиралык каармандар­дын образдарын чебер түзө алган кеңири диапазондуу актёр. Кыргыз улуттук ака­демиялык драма театрында 100дөн ашык роль аткарган. Негизги ролдору: Канышай (К. Эш­мамбетов, «Эгиз бала»), Галчиха (А. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Долли (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Сахно (А. Софронов, «Аш­позчу аял»), Зуура (Б. Жакиев, «Атанын тагды­ры»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»), Наргүл (Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда»), Гүлбара (М. Байжиев, «Балдар бойго жеткен­де»), Клея (Г. Фигейредо, «Эзоп»), Кей (М. Каоу­ру, «Уурдалган өмүр»), Эне (К. Чапек, «Эне»),


Клеянын ролунда Г. Дулатова. Г. Фигей­р е дон ун « Э зоп » спектаклинен.

Тангабике (М. Ка­рим, «Ай тутулган түндө»), Айша апа (Ч. Айтматов, К. Му х амед жанов , «Фу дзия мадагы кадыр түн»), Чы­йырды (Ж. Сады­ков, «Айкөл Ма­нас»,) Канышай (Ж. Садыков, «Сейтек»), Тол­гонай (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу») ж. б. Эл Достугу ордени, медалдар м-н сыйланган.