ДУНГАН АДАБИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН АДАБИЯТЫ – дунган элинин адабия­ты. О. Азиялык дунгандардын Октябрь рев-ясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), о. эле ар кыл жанрдагы ж-а мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акыл­ман адамдар ж. б. ж-дөгү жомокторунда кедей­лердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомок­торунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү ж-дө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозе­ки чыгармалар Д. а-нын жаралышы ж-а өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдар­дын башында дунган жазмасынын иштелип чы­гышы Д. а-нын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. Шиваза, Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгач­кы чыгармалары жарыяланган. Д. а-нын пай­да болушу ж-а өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы м-н тыгыз байланыштуу. 1932-ж. «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэ­нин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жа­рык көргөн. 1950-жылдары Д. а-нын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Ар­будунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген по­весттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аң­гемелери, повесттери белгилүү. Кийин Д. а-нын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар м-н толукталды. Азыркы учурда Д. а. көп жанрдуу өнүккөн ад-тка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган.