ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ
ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ Түркстан Респнын 1920-ж. 8-февралдагы токтому б-ча О. Азияда ак гвардиячыларга ж-а басмачыларга каршы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный ж-а Пишпек уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы Магазы Масанчин болгон. Д. а. п. 1921-ж. Фергана өрөөнүндө Максум, Халбут корбашылардын, Кагар молдонун бандаларын талкалап, Оро-Төбө р-нун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-ж. басмачылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин таркатылган.