ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1862–77-ж. Цин империясынын курамына кирген дунган калкынын азаттык үчүн күрөшү. 19-к-дын 1-жа­рымында ислам динин тааныган дунгандарды Цин бийлиги катуу эзген. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү м-н, өздөрүн чыныгы мусулман деп (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешип, өзү­лөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялда­рынын буттарын таңып басууга ж-а кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы м-н, башта­лардан мурун эле «мусулмандар» ж-а «каапыр­лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут ж-а дин ажы­рымы өзгөчө роль ойногон. Д. к. 1862-ж. Шань­си провинциясындагы Синган ш-нда башталып, анын башталышына дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот), сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожо­лор м-н имамдар жашына карабай бардык эр­кектерди «каапырларга» каршы «газават» жа­рыялоого чакырышкан. Балдарын ж-а аялда­рын душманынын колуна кетпесин деген дун­гандар шаарды калтырарда аларды өз колдору м-н өлтүрүп кетишкен. 1864-ж. жай айында Үрүмчүнүн аскер гарнизону талкаланып, август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзян­дын борбору Кулжа ш-ндагы дунгандар көтө­рүлүшкөн. Цин бийлиги Россия империясынан жардам сурап бир нече жолу кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн О. Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес.
Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкар­ган. 1866-ж. Борб. Тянь-Шандын түш.-чыгы­шында Кара-Шаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. ш-ды камтып, башында Лотай де­ген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мам­лекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожо­лордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан Йакуб бек бийликке келип, Каш­кар ш. борбор болгон, башында Алты-Шаар, кий­ин Жети-Шаар мамлекети түзүлөт. Натыйжа­дабулардынортосундагымамилелеркурчуган. 1870-ж. Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-ж. Россия империясы өз коопсуздугун шыл­тоо кылып, аскерин Илеге киргизет. 1873-ж. Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басып,1876-ж.жай-күзайларындаГучан,Фу­кан, Үрүмчү, Манас ш-н алышы м-н Д. к. же­ңилүүгө учурайт. Бул көтөрүлүштү Цин импе­риясынын аймагында жашашкан кыргыздар м-н казактар да активдүү колдошкон.

Ад.: Гейнс А. К. О восстании мусульманского насе­ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь­ху. Ф., 1959. Э. Турганбаев.