ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ
ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ – 19-к-дын 60-жылдарында Чыгыш Түркстан ж-а Кытайдын түн.-батыш аймагындагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылышына байланышкан элдик кыймыл. Кытай бийлигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар Кырг-н м-н Казакстанга жер которууга мажбур болушкан. Адегенде 1866-ж. Жети-Сууга сарткалмак уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-ж. Россия мамлекетинин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумундар эки айыл болуп, бири Текес
өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уездинде (732 түтүн) эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч м-н ээлеп алган жерлер 1882-ж. кайра Кытайга кайтарылганда (к. Петербург келишими, 1881), 240 түтүн калмак өз каалоосу м-н Россиянын ээлигине өтөрү тууралуу бүтүмгө келип, Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак (Текес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара такталгандан кийин алар көл кылаасына келип, Каракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алып, Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыш. пайда болгон ж-а 1913-ж. 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-ж. 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен.
Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай
чек арасынан үч багыт м-н өтүп, Да-Сы-Фу жолбашчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандардын алгачкы тобу 1877-ж. ноябрдын башы
ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-ж. жазга маал келгиндерге Караколго жа-
кын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык ж-а ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миңдей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түш. Кыр-нга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Быянху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кызыл-Бел ашууларын ашып, 1877-ж. Нарынга келишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калкалаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга келишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийлигине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байланыштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар м-н уйгурларга Ата журтунда (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миңден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу обл-нан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Верный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек, Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түш. Кырг-нга келген дунган, уйгурлар адегенде Ошко жакын жерде (Кара-Суу р-ну) туруп калган. Падышачылыктын оторчул саясаты жерсуу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орустарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-ташка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дунгандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай салып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Сокулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-ж. дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер Александровка деп аталган. Бишкек м-н Токмокто дунган слободкалары (шаар четиндеги кыштак) 1882-ж. пайда болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 км аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуштар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.
Ад.: Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967. Т. Өмүрбеков.