ДУПЛЕКС-АВТОТИПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУПЛЕ́КС-АВТОТИ́ПИЯ (лат. dupleх – кош кабат ж-а aetjs – өзүм, tepos – из, форма) п о­л и г р а ф и я д а – бир түстүү фотосүрөттөлүштү эки боёктуу кылып көрсөтүү: боёктун бири түстүү (күрөң, көгүлтүр, жашыл ж. б.); экинчи­си (контурдук) – кара же боз. Д.-а. бир боёк­тууга караганда ажайып көрүнгөн сүрөттөлүштү берет. Мында түп нускадан эки негатив даярда­лат: бири өтө контрасттуу, экинчиси – жумшак. Бирөөсү негативдин нормалдуу абалында, ал эми экинчиси 30–45°ка бурулганда сүрөткө тарты­лат. Контрасттуу негативдин чиймеси кара боёк, ал эми экинчиси түстүү боёк (негизинен көгүлтүр, жашыл, саргыч) м-н басылат.