ДУРАЛЮМИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУРАЛЮМИ́Н , д ю р а л ю м и н и й, д ю­р а л ь (нем. Duren; Дюрен – куйманы ө. ж-лык жол м-н алуу башталган шаардын аталышы ж-а алюминий) – алюминийдин Си (3–5 %), Mg (0,4—2,4%) ж-а Мn (0,3—1%) м-н болгон куй­масы. Д. – алгачкы кеңири колдонулган, де­формациялануучу алюминий куймасы. Чыңал­ган Д-ди табигый шартта эскирткенде, анын бе­кемдиги артары белгилүү болгон. Д. 500°Сна жа­кын темп-радагы суюктукта чыңалат да, 4 сут­ка бою табигый шартта же 190°Сна жакын темп­рада жасалма түрдө эскиртилет. Ушундай тер­миялык жол м-н иштетүүдөн кийин Д-дин ар түрдүү маркаларынын бекемдик чеги 400–500 Мн/м2га (40–50 кг/мм2) жетет. Үзгүлтүктүү


куюу ыкмасы м-н Д-ден уютмалар алынат да, алар басым аркылуу (чоюп, созуп, ныктап ж. б.) иштетилип, плита, калдыркан, түтүк, жоон зым ж. б. даярдалат. Башка алюминий куймалары м-н катар Д. авиацияда, транспортто, машина курууда ж-а техниканын башка тармактарын­да кеңири колдонулат.