ДУЭРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУЭ′ РО (португалча Douro, испанча Duero; кельт тилинде dur – дарыя, суз) – Пиреней ж. а-нда­гы дарыя. Испания м-н Португалияда. Уз. 925 км, алабынын аянты 95 миң км2дей. Иберия тоолорунан башталып, Эски Кастилия бөксө тоосун кесип өтөт. Деңиз боюндагы ойдуңду көз­дөй агып, каньонду пайда кылып, Атлантика океанына куят. Орт. чыгымы 700 м3/сек (Пире­ней ж. а-ндагы суусу эң мол дарыя), кышында, жазында кирет. Суу сактагыч, ГЭС бар. Чатынан 200 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Жээгинде Со­рия, Самора (Испания), Порту (Португалия) ж. б. шаарлар жайгашкан.