ДҮЙНӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨ ф и л о с о ф и я д а — кең маанисинде, бардык нерсени (табыят, коом, адам) бүтүн, ту­таш камтыган түшүнүк. «Болмуш», («бытие») түшүнүктөрү м-н мазмундаш. Д-нүн жаралышы, өзгөрүп-өнүгүшү, түзүлүшү ж-дө кыргыздар ил­гертен көп кырлуу көз караш күтүп, аны мифо­логиясында, элдик оозеки чыгармаларында, аңыз-уламыштарында туюнтуп келишкен. Илимдин таралышы м-н Д. ж-дөгү ой-түшүнүк башка негизде, башка деңгээлде түзүлгөн. Д. тар маанисинде – табыяты, теги бир кубулуштар­дын курамы, мис., балдар Д-сү, иск-во Д-сү, спорт Д-сү ж. б.