ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ – курчап турган дүй­нөнүн маани-маңызы, адам баласынын андагы орду, ага карым-катышы туурасындагы ой-ту­тумдардын, түшүнүмдөрдүн, аң-туюмдардын, ишенимдердин жыйындысы о. эле адамдардын жашаган чөйрөсүнө ж-а өздөрүнө карата мами­лелерди аныктоочу тыянакталган принциптер­дин, идеялардын системасы. Д. к. к-тын теор. негизин философия түзөт. Мазмуну ж-а түрлөрү б-ча көп кырдуу, негизинен коомдук аң-сезим­дин формалары м-н тыгыз байланыштуу. Ай­рыкча Д. к. к-тардын өзөгүн филос., ил., сая­сий, ыймандык, эстетикалык, диний окуулар­дын жоболору түзөт. Жалпысынан Д. к. к-тар демейки (күнүмдүк) диний ж-а филос. болуп бө­лүнөт. Күндөлүк тирилик м-н байланышкан, коомдук ж-а жекече аң-сезимдин тажрыйбалык өзөгүн түзүп, дүйнө, адам ж-дөгү адаттагы сал­ттуу түшүнүмдөрдү чагылткан дүйнө тааным – д е м е й к и көз караш; дүйнөнүн жаралышы, жашап турушу табияттан тышкаркы күчтөн деп эсептеген дүйнө тааным – д и н и й көз караш; ал эми дүйнөнү рухий ж-а практикалык өздөш­түрүүнүн түпкү негиз, тамырларын теор. деңгээл­де тыянактаган дүйнө тааным ф и л о с о ф и я­л ы к көз караш болуп саналат. Өзүнүн мазмуну, багыты б-ча ар түрдүү же карама-каршы (ил. же ил. эмес, матер. же идеалисттик, атеистик же диний) болот. Дүйнөлүк глобалдашуу заманында жер жүзүндөгү элдердин Д. к. к-тары ургаалдуу түрдө массалык маданияттын үстөмөндүгү астын­да калып баратышы дүйнөлүк коомчулукту сес­тендирбей койбойт, анткени булардын адамзаттын рухий экологиясына, айрыкча адеп-ыйманына тийгизген терс таасири барган сайын арбууда.