ДҮЙНӨ БӨЛҮКТӨРҮ
ДҮЙНӨ БӨЛҮКТӨРҮ – Жер шарынын шарттуу бөлүктөрү; ага материктер же анын бөлүктөрү ж-а ага жакын жаткан аралдар кирет. Дүйнө бөлүктөрү алтоо: Европа, Азия (экөө биригип, Евразия материгин түзөт), Африка, Австралия, Америка (Түш. Америка, Түн. Америка материктери), Антарктида; кээде Океания да Д. б-нө кирет. О. эле Жаңы ж-а Эски Д. б-нө бөлүнөт.