ДҮЙШАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШАЛИЕВ Камчыбек (3. 3. 1944-ж. т., Ысык- Көл обл., Тоң р-ну, Бөкөнбаев айылы) – музы­ка таануучу, иск-во таануу илимд. доктору (1991), проф., КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (1993). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайын (1964), Курмангазы атн. Алматы кон­серваториясынын тарых-теория ф-тин (1970) бү­түргөн. Д. кыргыз музыкасынын теор. негизде­рин иликтеп чыккан, музыка таануунун түрдүү жанры б-ча адис. Анын «Киргизская народная песня» (М., 1982), «Композиторы Киргизии» (ав­торлош, 1984), «О киргизской народной музыке» (1984), «От съезда к съезду» (1986), «Песенная куль­тура кыргызского народа» (1993), «Кыргызское народное музыкальное творчество» (Е. Лузанова м-н бирге, 1999), «Кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармачылыгы» (2002) аттуу ки­тептери, кыргыз музыкасы ж-а музыканттары ж-дөгү көптөгөн ил. макалалары жарык көргөн.