ДҮЙШЕЕВ Эсенбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Эсенбек (22. 6. 1941-ж. т., Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Ынтымак айылы) – парт. ж-а мамл. ишмер. КАЧИни (1963), Алма-Ата жо­горку парт. мектебин (1984) бүтүргөн. 1963–

66-ж. Бакай-Ата р-нундагы Калинин атн. к-здо механик, башкы инженер, 1966–75-ж. Совет, Өзгөн, Талас р-ндук «Кыргызайылчарба техни­ка» бирикмесинде башкар­малыктын башчысы, 1975– 79-ж. Кыргыз ССР а. ч. ми­нистрлигинде механика ж-а электрлештирүү б-ча башкы башкармалыгынын башчысы, 1979–80-ж. Кыр­гыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Иш башкармалыгында а. ч., суу чарба курулуш б-ча бөлүм башчы, 1980–85-ж. партиянын Ысык- Көл р-ндук к-тинин, 1985–88-ж. партиянын Та­лас обкомунун 1-секретары, 1988–90-ж. Кыргыз ССРинин министри, Мамл. агрардык ө. ж. к-ти­нин төрагасынын 1-орун басары, 1990–91-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы­нын 1-орун басары, Мамл. агрардык ө. ж. к-ти­нин төрагасы, 1991–92-ж. КРдин мамл. катчы-


сы, 1992–97-ж. Чет элдик жардамдар б-ча өкмөттүк комиссиянын төрагасы, 1997–2004-ж. вице-президент, «Кыргызайылтехсервиз» акцио­нердик компаниясынын деректирлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин депутаты (1985–90). Эмгек Кы­зыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.