ДҮКӨН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮКӨН (ар. дукан – устакана) – 1) усталардын узануучу жайы. Темир устанын Д-үндө көөрүк, очок, дөшү, балка, барскан, кыпчуур, кескич, көзөөч, тешкич ж. б. болуп, алар м-н така, тул­га, кычкач, ооздук, тогоо, үшкү, шибеге, купа, кыма, бычак, балта, керки, ийди, аталгы ж. б. буюмдар жасалган. Жыгач усталардын Д-үндө араа, балта, аштама, керки, тез-ийди, аталгы, түрпү, кырма сүргү болгон. Бул куралдар м-н боз үйдүн жыгачтары, ээр, ыңырчак, алабакан, такта, бешик ж. б. жасалган. 2) Чекене соода


ишканасы. 3) Килем ж-а түрдүү таарларды то­кууга даярдаган курулма жай. И. Молдобаев.