ДҮҢ CООДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮҢ CООДАтоварларды ж-а кызмат көрсө­түүлөрдү алып сатуу же профессионалдык пай­далануу максатында сатып алуучуларга сатуу б-ча ишмердик. Ишканалардын ортосундагы байланышты ишке ашыруучу товар жүгүртүүнүн формасы, ички сооданын курамдык элементи; товар жүгүртүүнүн баштапкы стадиясы‚ б. а. то­вардын өндүрүшчүдөн чекене соода ишканасына чейин же продукцияны керектөөчү ишканага чейин айланышы. Д. с-га а. ч. продуктуларын ж-а сырьёлорду сатып алуу ж-а сатуу да кирет.