ДҮҢ БАА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮҢ БАА – товарларды ири партия м-н ишка­наларга‚ фирмаларга‚ сатуучу ж-а ортомчу уюм­дарга‚ дүң соода ж-а сатуучу компанияларга са­туудагы баанын бир түрү. Д. б. б-ча продукция­ларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү ишканалар өз ара ж-а жабдуу-сатуу органдары аркылуу са­тышат. Ө. ж. Д. б-сы ишкананын Д. б-сынан тышкары өзүнө жабдуу-сатуунун кошумчалан­ган баасын‚ керектөө товарлары б-ча бюджет­ке алынуучу жүгүртүү салыгын да камтыйт. Чет өлкөлүк тажрыйбада Д. б. товар даярдоочулар м-н дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ о. эле дүң ж-а чекене соодагерлердин ортосундагы жүгүртүүдө пайдаланылат. Эл аралык соодада адатта ички Д. б-нын деңгээлинен төмөнүрөөк деңгээлдеги экспорттук (импорттук) Д. б. б-ча ишке ашырылуучу дүң операциялар үстөмдүк кылат.