ДЫЙКАНБАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЫЙКАНБАЙ Тойчубек уулу (1873, Ысык-Көл обл, Түп р-ну, Ой-Булак айылы – 1923, ошол эле жер) – семетейчи. Уулунун эскерүүсүнө ка­раганда атасы Тойчубек сыяктуу Д. да «Семе­тей» эпосун айткан. Жамакчы-ырчы да болуп­тур. «Бала ырчы» аталып жүргөн кезинде бир дубана жолугуп, «Манасты» айтып жүр деген экен. Ал солто, сарбагыш, Көл өрөөнүндө, На­рын, Ат-Башы ж. б., Кытай жериндеги черик уруусуна барып, «Манас» айткан, Акылбек, На­зар, Сагымбай өңдүү чоң жомокчуларга жолук­кан. Тыныбек манасчы «Семетейди» айтууда Дый­канбайдын алдына ак калпактуу кыргыздан эч ким чыгалбайт»,– деп Тыныбек эскерген экен.