ДЫЙКАН-КЫШТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЫЙКАН-КЫШТАК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 28 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 2 км. Деңиз деңг. 1040 м бийиктикте жайгаш­кан. Калкы 9140 (2006); негизинен дыйканчы­лыкта эмгектенет. Орто мектеп, мад-т үйү, клуб, китепкана, оорукана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары А. Жумабаев, Т. Мусаев, С. Ниша­нов, Ю. Тургунов, И. Исмаилова, А. Маматур­диев, А. Алиахунов туулган.