ДЬЮИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЬЮ́И Жон (20. 10. 1859, Вермонт штаты, Бар­менгтон – 1. 6. 1952, Нью-Йорк) – амер. педа­гог, философ ж-а психолог. Мичиган (1884–94), Чикаго (1894–1904) ж-а Колумбия (1904–30) ун-ттеринин проф. Логика тармагында праг­матикалык методологияны, прагматизмдин жаңы варианты катары «инструментализмди» иштеп чыккан. Д-нин пикири б-ча таалим-тар­бия эркин экономика шартында ар кандай кыр­даалдарга ыңгайлаша билген инсанды тарбия­лоого багытталышы зарыл. Ал мектеп систе­масындагы билимге ээ болуу сапатына каршы баланын өзүнүн жеке тажрыйбасына, өз ал­дынча практикалык ишмердигине негиздел­ген «жасап көрүп үйрөнүү» моделин сунуш кылган. Анын пед. теориясы 20-к-дын бирин­чи жарымына чейин Америкада, о. эле бир ка­тар Европа мамлекеттеринде кеңири белгилүү болгон.