БИР ҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР ҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР , л и л и о п с и д д е р (Monocotyledones же Liliopsida) – урук түйүлдүгүндө бир гана урук үлүшү бар жабык уруктуу өсүмдүктөр классы. Аларга өсүмдүктүн 80 тукуму, 2600 уруусу ж-а 60 миӊдей түрү кирет. Эки үлүштүүлөрдөн айырмасы алардын негизги тамыры эрте солуп, кошумча жан тамырлар пайда болот. Сабагы м-н тамырында камбий болбогондуктан жоонойбойт. Жалбырагы көбүнчө жарыш ж-а дого сымал тарамыштуу, сапсыз, сабакка жазы негизи м-н бекийт. Көпчүлүгү кайчы гүлдүү (кара буудай, жүгөрү, сорго ж.б.), кайчылаш, айрымдары өзү м-н өзү (арпа, буудай ж.б.) чаӊдашат. Гүлдөрү үч мүчөлүү, айрымдарынын гүл коргону жөнөкөй. Көпчүлүгү чөп өсүмдүк болгондуктан, мелүүн алкакта, шалбаа, талаа, саванналарда өсөт. Дарактары тропикте, кээде субтропикте кездешет. Адам тиричилигинде алардын мааниси чоӊ, негизги тамак аш ж-а тоют өсүмдүктөрү: буудай, арпа, сулу, жүгөрү, шалы, бал камыш ж. б. Дарылык касиетке ээ түрлөрү да бар.

К. Т. Шалпыков.