ВАН ГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(31.1.877, Сондо, Тхэбон – 4.7.943, Кэсон, Корё) – Кореядагы Корё мамлекетинин (918–943) алгачкы башкаруучусу (ван), династиянын негиздөөчүсү. Алгач Кореядагы Тхэбон мамлекетинин башкаруучусу Кун Енин вассалы болгон. Тхэбон ж-а Хупэкче мамлекеттеринин ортосундагы согуш учурунда абалын бекемдегенге жетишип, 918-ж. Кун Ени бийликтен алып, өзүн Тхэбондун башкаруучусу деп жарыялап, мамлекетти Корё деп атаган. 935-ж. Силла мамлекетинин акыркы падышасы да ага тактысын бошотуп берген. 936-ж. В. Г. Хупэкче мамлекетин талкалап, бүткүл Кореянын башкаруучусуна айланган.