ДИЗАЙН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЗА́ЙН (англисчке design – чийүү, долбоор, план, өндүрүү) – предметтик чөйрөнү долбоорлоонун өзгөчө ыкмасы. Мында объектиге анын негиз­ги милдеттери менен бирдикте сулуулук, максат­ка ылайыктуулук, үнөмдүүлүк, өзгөчө белгилен­ген функциялуулук (же функцияларынын көп­түгү), объектини пайдалануудагы физиологиялык жана психологиялык ыңгайлуулук, анын так социалдык ориентациясы сыяктуу өз ара байланыштуу са­паттар комплекси кошо берилет. Дизайнды чыгармачылык иликтөөнүн функциядан формага, формадан функцияга деген эки багыты бир бүтүндүктө каралат.